Кыргызстандагы эмгек мамилелери: жумуш берүүчүнүн көп учурда аткарылбай калган милдеттери
Бул постту бөлүшүңүз

Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери Эмгек кодекси жана кызматкерлердин укуктарын коргоого жана адилеттүү эмгек шарттарын түзүүгө багытталган башка нормативдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
Бирок, толук жазылган укуктук базага карабастан, иш жүзүндө ал талаптар көп учурда эске алынбайт. Жумуш берүүчүлөр кээде атайылап же укуктук сабатсыздыгынан улам мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруудан качышат, бул болсо кызматкерлердин эмгек укуктарынын системалуу бузулушуна алып келет. Бул мыйзамсыз мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүдө, эмгек акыны кечиктирип төлөөдө, эмгек коопсуздугунун эрежелерин сактабаганда, милдеттүү эмгек өргүүлөрүн бербөөдө, негизсиз жумуштан бошотууда жана башка мыйзам бузууларда көрүнөт.
Бул макаланын максаты — мыйзамда милдеттүү деп көрсөтүлгөн, бирок практикада көп учурда аткарылбай калган жумуш берүүчүнүн эң кеңири тараган милдеттерине көңүл буруу.
Төмөндө эмгек мыйзамдарынын бузулушунун айрым учурларын карап чыгабыз:
1. Эмгек келишиминин жазуу түрүндө же электрондук форматта болбошу
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 19 жана 20-беренелерине ылайык, эмгек келишими жумушка киришүүдөн мурун жазуу жүзүндө же электрондук форматта түзүлүшү керек.
Эмгек мыйзамдарынын эң кеңири таралган жана ошол эле учурда эң кооптуу бузулууларынын бири — бул эмгек келишиминин жоктугу же убагында түзүлбөшү.
Заманбап эмгек мыйзамдарында жазуу же электрондук түрдө түзүлгөн эмгек келишиминин болушу жөн гана формалдуулук эмес, ал кызматкердин укуктарын жана кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн негизги шарт болуп саналат.
Мындай келишимдин жоктугу кызматкер үчүн эмгек мамилелеринин алкагында гана эмес, башка тармактарда да олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Төмөндө негизги тобокелчиликтерди карап чыгалы.
А) Укуктук коргоонун жоктугу
Эгерде эмгек келишими жок болсо, анда кызматкер расмий түрдө эмгек мамилесине кирген деп эсептелбейт. Бул деген сөз, ал мыйзамда каралган коргоо механизмдеринен пайдалана албайт дегенди билдирет.
Мисалы, иш берүүчү эмгек акыны төлөбөй койсо, кызматкер өзүнүн иштегенин далилдөөдө кыйналышы мүмкүн. Эмгек мамилеси расмий түрдө ырасталбаган учурда, сотко кайрылуу да, мамлекеттик органдарга даттануу да кыйындап калат.
Б) Эмгек акыны төлөбөй коюу же аз төлөө тобокелчилиги
Эмгек келишими менен милдеттенмелер бекитилбеген учурда, жумуш берүүчү эмгек акы боюнча макулдашууларды эркин бузушу мүмкүн — төлөмдөрдү кечиктирип же келишилген суммага жетпеген өлчөмдө төлөп, кээде таптакыр эсептешүүдөн баш тартып коюшу ыктымал.
Мындан тышкары, келишим жок болгон учурда Эмгек кодексинде каралган эмгек акыны төлөөнүн мөөнөттөрү жана тартиби колдонулбай калат.
В) Социалдык кепилдиктерден ажыроо
Эгерде эмгек келишими түзүлбөсө, анда төмөнкү милдеттүү төгүмдөр жүргүзүлбөйт:
• Пенсиялык фондго пенсиялык төгүмдөр,
• Социалдык фондго социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү,
• Милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн төгүмдөр.
Бул деген кызматкерде расмий эмгек стажы түзүлбөйт, пенсиялык укуктары топтолбойт жана келечекте пенсия же башка социалдык кепилдиктерсиз калышы мүмкүн дегенди билдирет.
Г) Кызматтан бошотууда кепилдиктердин жоктугу
Расмий түрдө ишке алынбаган кызматкер каалаган убакта себепсиз, компенсациясыз жана алдын ала эскертүүсүз жумуштан бошотулушу мүмкүн. Ошондой эле ал колдонулбаган эмгек өргүүсү үчүн төлөм, жөлөк пул же мыйзам боюнча каралган башка компенсацияларды ала албай калат.
Д) Эмгек өргүүсүнө жана ооруп калган учурдагы акы төлөнүүчү укуктардан ажыроо
Эмгек келишими жок кызматкер төмөнкү укуктарга талап кое албайт:
• жыл сайын төлөнүүчү эмгек өргүүсү,
• ооруп калган учурдагы убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы (больничный),
• декреттик өргүү жана ага байланыштуу төлөмдөр.
Расмий эмес шартта иштеген кызматкердин мындай укуктары формалдуу түрдө каралган эмес.
Е) Иштеги кырсыктарда коргоонун жоктугу
Эгер кызматкер жумуш ордунда жаракат алса же каза болсо, ага же анын үй-бүлөсүнө компенсация жана камсыздандыруу төлөмдөрү берилбей калышы мүмкүн. Жумуш берүүчү расмий эмгек мамилелери жок деген жүйө менен толук жоопкерчиликтен качып кетиши мүмкүн.
2. Эмгек китепчеси
Эмгек китепчеси — кызматкердин эмгек ишмердүүлүгүн жана эмгек стажын ырастоочу белгиленген үлгүдөгү негизги документ болуп эсептелет. Эгерде кызматкерде эмгек китепчеси жок болсо, бул бир нече көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн:
- Эмгек стажы эсептелбейт, ошондуктан кийин пенсиянын көлөмү азайып калышы же таптакыр дайындалбай калышы ыктымал.
- Эмгек китепчесинде жазуу болбосо, жаңы жумушка орношуу кыйыныраак болот, өзгөчө бул мамлекеттик кызмат же атайын талаптары бар кызматтар үчүн.
- Эмгек китепчеси жок болсо, адам иштегенин далилдөө оор болуп, жумуш берүүчү менен талаш чыккан учурда өз укуктарын коргоо кыйындайт
- Тастыкталган эмгек стажына байланышкан ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
3. Ашыкча жана майрамдык күндөрдөгү эмгек акы
Иш күндөрүнөн тышкары, майрам күндөрү жана ашыкча сааттарда иштөө Эмгек кодексинин 50-беренесине ылайык, сөзсүз түрдө кошумча эмгек акы төлөө же кошумча эс алуу убактысы менен kompensatsiyaloo аркылуу төлөнүшү керек.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 57-беренесине ылайык, оор физикалык иштерде же зыяндуу жана (же) кооптуу шарттарда иштеген кызматкерлерди ашыкча ишке тартууга тыюу салынат.
Ошого карабастан, практикада бул талаптар көп учурда сакталбайт, айрыкча чакан ишканаларда. Мунун себептери бир нече факторлордон турат:
- жумуш берүүчүлөрдүн да, кызматкерлердин да эмгек мыйзамдарын жетишсиз билүүсү;
- тийиштүү түрдө түзүлгөн эмгек келишимдеринин жоктугу;
- ашыкча иштелген сааттарды каттоо жана эсепке алуу жүргүзүлбөшү;
- ашыкча иштөө фактыларын далилдөөдө кыйынчылыктар;
- жумуш берүүчүнүн салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү азайтууга умтулуусу.
Булардын баары кызматкерлердин эмгек укуктарынын системалуу түрдө бузулушуна алып келет.
4. Жыл сайынкы акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 68-беренесине ылайык, 11 ай иштеген кызматкерге жыл сайынгы негизги акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилиши керек, анын узактыгы 28 календардык күндөн кем болбошу керек. Эгерде кызматкер өргүүгө чыкпай калса, жумуш берүүчү колдонулбаган күндөр үчүн акчалай компенсация төлөөгө милдеттүү.
Кызматкер жумуштан кеткен учурда да, бардык колдонулбаган жыл сайынгы акы төлөнүүчү өргүү күндөрү үчүн компенсация алуу укугуна ээ.
5. Эмгекти коргоо жана коопсуздук
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 204-беренесине ылайык, жумуш берүүчү кызматкерлерге коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга, тиешелүү нускама (инструктаж) өткөрүүгө жана жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) берүүгө милдеттүү.
Бирок иш жүзүндө бул милдеттер көп учурда аткарылбайт, айрыкча курулуш, кампа логистикасы жана өндүрүш сыяктуу тармактарда. Эмгекти коргоо талаптарын эске албоо көп учурда жумуш ордундагы кырсыктарга, жаракаттарга жана кесиптик оорулардын өрчүшүнө алып келет.
6. Социалдык камсыздандыруу
Жумуш берүүчү ар бир кызматкерди Социалдык фонддо каттоого алып, ай сайын камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө милдеттүү. Бул төгүмдөр келечектеги пенсиялык укуктарды түзүүнүн жана социалдык кепилдиктерди алуунун негизин түзөт.
Бирок практикада көбүнчө айлык маянаны «расмий» жана «расмий эмес» бөлүктөргө бөлүү схемасы колдонулат. Мындай ыкма жумуш берүүчүгө салыктык жана социалдык жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет, бирок кызматкер үчүн олуттуу терс кесепеттерге алып келет: пенсиялык чегерүүлөр аз эсептелет, жөлөк пулдарды алуу татаалдашат, ошондой эле расмий кирешенин аздыгынан улам кредит алууда да көйгөйлөр жаралат.
7. Кызматтан бошотуу жол-жобосунун бузулушу
Эмгек келишимин токтотуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 41–46-беренелеринде көрсөтүлгөн мыйзамдык талаптарга ылайык гана ишке ашырылышы керек. Бул талаптарга төмөнкүлөр кирет:
– кызматкерди белгиленген мөөнөттө алдын ала кабардар кылуу;
– бошотуу үчүн мыйзамдуу негиздердин болушу;
– компенсациялар жана акыркы эсептешүү боюнча милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзүү. Ошого карабастан, иш жүзүндө көп учурларда кызматкерди «өз каалоосу менен» арыз жазууга мажбурлашат же болбосо себепсиз, эсептешүүсүз жумуштан бошотушат.
8. Юристтерге кайрылуу эгер сиздин укуктарыңыз бузула турган болсо
Жогорудагыны жыйынтыктап айтсак, эмгек мамилелерин туура түзүү жана мыйзамда каралган кепилдиктерди алуу үчүн кызматкерге эмгек келишимин жазуу түрүндө түзүү, анын шарттары менен таанышуу, ошондой эле эмгек китепчесине ээ болуу зарыл. Тийиштүү документтердин болушу кызматкердин укуктук статусун тактап, эмгек стажын ырастайт жана социалдык жана пенсиялык укуктарды алууга негиз берет.
Бирок, эгер сизге эмгек акы төлөнбөсө, мыйзамсыз жумуштан бошотулсаңыз же келишимди токтотууда компенсациядан баш тартылса, профессионалдык жардамга убагында кайрылуу өтө маанилүү.
LEX Юридикалык фирмамындай учурларда квалификациялуу укуктук колдоону камсыздайт. Компаниянын тажрыйбалуу юристтери бузулган укуктарыңызды калыбына келтирүүгө, жумуш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдө же сотто сиздин кызыкчылыктарыңызды коргоого, ошондой эле ишти толук кандуу көзөмөлдөп, натыйжага жеткирүүгө жардам беришет.