Жыйналган КНСти кайтарып берүү боюнча арыздарды тапшыруу учурундагы тобокелдик факторлорун талдоо: так эмес жактары
Бул постту бөлүшүңүз

Жыйналган кошумча нарк салыгын (КНС) кайтарып берүү процесси эң көп тартипке салынган жана татаал процедуралардын бири катары белгилүү. Көп учурда ал ийгиликтүү аяктабайт. Мунун негизги себеби – салык органдары мамлекеттин бюджетине кошумча чыгым алып келбеши үчүн КНСти кайтарып берүүнү мүмкүн болушунча чектөөгө аракеттенишет. Ошол эле учурда салык кызматтарынын негизги милдети – өлкөнүн бюджетин толуктоо болуп эсептелет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары белгилүү шарттарда салык төлөөчүнүн жыйналган КНСти кайтарып алуу укугун карагандыктан, бул тема юристтер жана бухгалтерлер үчүн өзгөчө маанилүү.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесине ылайык, КНС ашыкча суммасын кайтаруу – бул ашыкча эсептелген КНС суммасын башка салыктарды төлөөгө эсептөө же болбосо бюджеттен салык төлөөчүнүн эсебине акча каражаттарын кайтарып берүү болуп саналат.
КНС ашыкча суммасын кайтаруу салык төлөөчүнүн арызынын негизинде жана ашыкча сумманын негизсиз пайда болуу коркунучунун факторлорун талдоо жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
Ашыкча сумманын негизсиз пайда болуу коркунучунун факторлору төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- КНС төлөөчүнүн ишмердүүлүк мөөнөтү кайтарып берүү арызы берилген күнгө чейин 24 календардык айдан аз болсо;
- КНС төлөөчү тарабынан экспорттук жеткирүүлөр арыз берилген күнгө чейин 12 календардык айдан аз убакыт жүргүзүлгөн болсо;
- Акыркы эки салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында кошумча эсептелген салыктардын суммасы текшерилген мезгилдеги жалпы салыктык милдеттенмелердин 10 пайызынан ашса;
- ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине экспорт жүргүзүүдө салык кызматынын маалыматтык системасында тиешелүү мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынан алынган товарларды алып кирүү жана төлөнгөн кыйыр салыктардын электрондук маалыматтары жок болсо же бул маалыматтар салык төлөөчүнүн отчеттуулугу менен дал келбесе;
- КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрү менен товар, жумуш жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрү КНС боюнча салык отчетунун жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын анализинин негизинде дал келбесе;
- Алдыңкы үч жыл ичинде төлөнгөн салыктардын суммасы кайтарууга жана ордун толтурууга коюлган ашыкча КНС суммасынан аз болсо.
Жыйналган КНСти кайтарып берүүдө тобокелдик фактору: экспорттук жеткирүүлөрдүн мөөнөтү боюнча талаштуу жагдай
Бул макалада негизги көңүл бурулуп жаткан тобокелдик факторлорунун бири – КНС төлөөчү тарабынан экспорттук жеткирүүлөрдүн арыз берилген күнгө чейин 12 календардык айдан аз убакыт ичинде жүргүзүлүшү.
Практикада ушундай жагдай чыкканда, биз кесиптештер менен бул норманын маанисин талдап көрдүк. Натыйжада бир нече түшүндүрмө варианты пайда болду:
- Арыз берилгенге чейинки акыркы 12 айдын ичинде жок дегенде бир жолу экспорттук жеткирүүлөр болушу зарыл;
- Арыз берилгенге чейинки ар бир айда экспорттук жеткирүүлөр жүргүзүлүшү керек;
- Жалпысынан арыз берилгенге чейин кеминде 12 ай экспорттук ишмердик жүргүзүлгөн болушу керек;
- Акыркы жеткирүүдөн тартып арыз берилгенге чейин 12 ай өтүшү зарыл;
- Ишмердик башталгандан бери арыз берилгенге чейин кеминде 12 салыктык мезгил (КНС боюнча) экспорттук жеткирүүлөр ишке ашырылышы керек.
Ар бир вариантта өзүнүн логикасы бар болгондуктан, бирдиктүү жыйынтыкка келүү кыйын болду. Ошондуктан, жазуу жүзүндө түшүндүрмө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кайрылдык. Бул министрлик – фискалдык саясатты аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Маселе министрликтин өзүндө да талкуу жараткан көрүнөт. Анткени биринчи берилген жооптон кийин, кошумча тактоолор менен экинчи жооп да жөнөтүлдү.
Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мындай чечимге келген: КНСтин ашыкча суммасын кайтарып берүү, эгерде КНС төлөөчү ишмердик баштагандан тартып арыз берилген күнгө чейин кеминде 12 салыктык мезгил ичинде экспорттук жеткирүүлөрдү ишке ашырса гана мүмкүн болот. Ошондой эле, арыз берилген күнгө чейин КНС төлөөчүнүн ишмердик жүргүзүү мөөнөтү кеминде 24 календардык ай болушу керек.
Министрликтин жообун толук түшүнүү үчүн деталдуу карап көрөлү:
- Салык төлөөчү, мисалы, Жоопкерчилиги чектелген коом (мындан ары – ЖЧК), КНСти кайтарып берүү боюнча арыз берген күнгө чейин кеминде 24 календардык ай (2 жыл) иштеп турушу зарыл.
- КНС боюнча салыктык мезгил – 1 календардык ай.
- Экспорттук жеткирүүлөр ЖЧК ишмердигин баштагандан тартып арыз бергенге чейин кеминде 12 айда болушу керек. Бул айлар ыраттуу болобу же жокпу – маанилүү эмес. Ошондой эле кайтарып берүүнү сурап жаткан мезгил арыз берген күнгө чейинки 12 айга туура келиши деле шарт эмес.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген салык мыйзамдарын колдонууга байланышкан түшүндүрмөлөр салык жана бажы органдары үчүн милдеттүү болуп саналат. Ошондой эле, алар укук коргоо жана сот органдары тарабынан салыктык талаштарды кароодо жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жазуу жүзүндөгү далил катары каралат.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары – бул маселе боюнча позициясы абдан маанилүү деп эсептейм. Анткени салык кызматкерлеринин өздөрү да бул норманы ар башкача түшүнүшү мүмкүн, бул болсо КНСти кайтарып берүүдөн негизсиз баш тартууга алып келет.
Ли Андрей Георгиевич
Укуктук фирма LEXтин башкаруучу өнөктөшү, Кыргыз Республикасынын адвокаты, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык арбитраждык соттун мүчөсү
Email: [email protected], [email protected]